БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкекке ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась келип, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолукканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба МИД КР
Ага ылайык, тараптар аймактык коопсуздук боюнча сүйлөшүп, ТИМ, Коргоо министрлигинин башчылары жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын биргелешкен жыйынына даярдык көрүү маселелерин талкуулашкан. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын Кыргызстандын борборунда өткөрүү күтүлүүдө.
"Жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаал тууралуу да кеп болду. Кулубаев тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерге каршы келип жатканын белгилеген", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын ТИМ башчысы чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ишке ашыруу үчүн ЖККУнун механизмдерин ишке киргизүү зарыл экенин кошумчалаган.