НАТОдогулар альянстын Киевге жардам берүүдөн баш тарткан себебин түшүндүрдү

Кениг эгер НАТО чыр-чатакка аралаша турган болсо, бул чоң согушка алып келерин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Киев НАТОнун курамында болбогондуктан, альянс Украина президенти Владимир Зеленскийдин жардам берүү боюнча өтүнүчүнө жооп бербей жатат. Бул тууралуу Германиянын аскердик блоктогу туруктуу өкүлү Рюдигер Кениг билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Spiegel басылмасына маек берип жатып Украина лидери альянстан бир нече жолу жардам сураганы боюнча суроого жооп берген.
"Украина НАТОго мүчө эмес. Ошондуктан жамааттык коргонуу боюнча эч кандай милдет жок. Биз альянстын согуштук аракеттерге активдүү катышуусун каалабайбыз", — деген ал.
Кениг эгер НАТО чыр-чатакка аралаша турган болсо, бул чоң согушка алып келерин эскерткен. Альянска мүчө мамлекеттердин Киевге көрсөткөн көмөгү уюм тарабынан эмес, ар бир өлкө өзү берип жаткан жардам иретинде кароо керектигин белгилеген.
Буга чейин Россия НАТО Украинага курал-жарак жеткиргени үчүн альянска нота жөнөткөн. Атайын операциянын фонунда АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү Украинага курал-жарак ташууну улантууда. Вашингтон Киев бийлигине аскердик жардам үчүн миллиарддаган доллар бөлүп жатат. Ал эми Москва курал-жарак жеткирүү жаңжалды узартарын айтып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Израилдин курал-жарак жеткирбей жатканына таң калып, нааразы болду