Россияга кезектеги санкцияны киргизүүгө макул болбой жаткан өлкөлөр. Себеби

Будапешттин өзгөчө шарттар болушун талап кылып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Евробиримдиктин Россияга карата киргизе турган жаңы санкциялары Венгрия, Кипр, Греция жана Мальта макулдугун бербей жаткандыктан улам созулуп кетиши мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына шилтеме берип жазды.
Чет элдик ресурс аталган өлкөлөр Россия мунай затынын баасынын жогорулатылышына чектөө киргизүүгө каршы чыкканын жазган.
"Кипр, Греция жана Мальта ЕБдин өзүнө-өзү зыян келтирип, россиялык нефтинин алардын танкери менен ташып келишине тыюу салып жаткандыгына тынчсызданган. Алар Түркия, Индия жана Индонезия рыноктогу бошоп калган үлүштү өзүнө алып, ташып жеткирүү иштерин да менчиктеп кетерин боолголоп жатышат", — деп айтылган макалада.
Ресурс Венгрия, Кипр, Греция жана Мальтанын танкердик флоту Россиядан Европага аталган продукциянын ири бөлүгүн жеткирип жүргөнүн белгиледи.
Ал эми Будапешт өзгөчө шарттар болушун талап кылып жатат.
"Венгрияга коңшу мамлекеттерге россиялык отун ресурстарын реэкспорт кылганга уруксат берилиши керек, бул алтынчы санкциядан четтетүүгө мүмкүнчүлүк жаратат", — деп айтылган анда.
Анткен менен мындай болгон учурда нефть рыногунда аталган өлкөнүн адилетсиздик менен артыкчылык алып каларына Еврокомиссия түйшөлүп жаткандыгын дипломаттар билдиришкен.
Июндун башында батыш өлкөлдөрүнүн өкүлдөрү россиялык нефтиге болгон баанын чегин учурдагы баанын жарымына коюуну айтышкан. Блумберг агенттигинин билдиргенине караганда, 40-60 доллардын тегерегинде кеп болгон.
ЖМК: Еврокомиссия Россияга салган чектөөлөрүн жумшартууну сунуштайт