Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кошулган аймактардын башка өлкөлөр менен чеги РФтин чек арасы болуп саналат

Төрт келишимде тең бир эле норма камтылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустарынын башка өлкөлөр менен болгон чек аралары эми Россиянын мамлекеттик чек арасы болуп саналат. Бул тууралуу аталган аймактар ​​менен Россиянын ортосунда түзүлгөн келишимде жазылган.
Эске салсак, төрт аймактын Россияга кошулушу боюнча референдум 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин өткөн. 30-сентябрда Кремлде президент Владимир Путин жана төрт аймактын башчылары тарыхый келишимге кол коюшкан. Кийинчерээк РФтин Конституциялык соту бул документтерди Баш мыйзамга ылайык келерин тааныган.
Төрт келишимде тең бир эле норма камтылган. Анда "ар бир аймактын башка мамлекет менен чектешкен жери Россиянын мамлекеттик чек арасы болуп саналат" деп жазылып турат. Маалым болгондой, 2026-жылдын 1-январына чейинки убакыт бул жерлерде Россиянын экономикалык, каржылык, кредиттик жана укуктук системасына интеграциялоо маселелери, ошондой эле аскердик милдет жана аскердик кызмат маселелерин чечүү боюнча өткөөл мезгил болуп эсептелет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россия Советтер Союзун кайрадан курууга умтулбайт