Россия кыргызстандыктарга өз ЖОЖдорундагы бюджеттик орундарын көбөйттү

Быйыл КР жарандарына былтыркыга салыштырмалуу бюджеттик орун 200гө көп бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Россиянын ЖОЖдорунда кыргызстандык абитуриенттер үчүн бюджеттик негиздеги орундар 500дөн 700гө чейин көбөйдү. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлү Альберт Зульхарнеев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда билдирди.
Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлү Альберт Зульхарнеев
Анын айтымына караганда, жакында келерки окуу жылга (2023/2024) документтерди кабыл алуу башталат. Кыргызстандагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү россиялык бир нече ЖОЖго документ тапшырса болот.
"Менде жакшы жаңылык бар. Россия Кыргызстандын жарандарына бюджеттен окуу боюнча берген квотанын саны өткөн жылга караганда көбөйдү", — деди Зульхарнеев.
Былтыркыга салыштырмалуу (500) быйылкы окуу жылына бюджеттен 700 орун бөлүнгөн. Мурдагы жылы мындан да аз болчу.
"Кыргызстандык 700 адамга бакалавриатка, магистратурага, аспирантурага, ординатурага тапшырууга жана орто кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Россотрудничество өкүлү.
Ал кызыкдар болгон бардык жарандарга абитуриенттерди кабыл алууну өткөрүп жибербеш үчүн Россотрудничество агенттигинин анонсторуна көз сала жүрүүгө кеңеш берди. Тагыраагы, эми алар "Русский дом" уюмунун Ош, Бишкек шаарларындагы социалдык баракчаларындагы маалыматтарын карап туруш керек.
Радио
Костюк: биздин бүтүрүүчүлөр Россия, Казакстан дипломдоруна да ээ болушат