Ош шаарынын күнүнө карата ырлар сынагы жарыяланды

Конкурстук чыгармалар 18-октябрга чейин кабыл алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ош шаарынын күнүнө карата "Байыркы шаардын баяны" аттуу поэзия сынагы жарыяланды. Бул тууралуу калаанын Маданият башкармалыгы билдирди.
Конкурска Ош шаарындагы 18 жаштан 35 жашка чейинки калем чеберлери катыша алат.
"Акындар ырында байыркы Ош шаарынын тарыхый-маданий баалуулуктарын, көркөм жана кооз жерлерин даңазалашы керек. Ырлар мурда сынакта окулбаган жана эч жерде жарыяланбаган болушу шарт", — деп жазылган маалыматта.
Сынак эки этаптан турат. Биринчи баскычта чыгармалар кабыл алынып жана иргелсе, экинчи баскычта катышуучулар чыгармаларын көркөм окуп, алдыңкы орун үчүн ат салышат.
Жеңүүчүлөр диплом жана баалуу белектер менен сыйланат. Ошондой эле активдүү катышкандарга кызыктыруучу белектер берилет.
Конкурска кыргыз тилиндеги поэтикалык чыгармалар 18-октябрга чейин кабыл алынат. Кененирээк маалыматты 0551 41 94 94, 0773 24 66 55, 0774 74 52 52 номерлери аркылуу алууга болот.
5-октябрда Ош калаасынын күнү белгиленип келет. Үч миңден ашуун тарыхы бар шаар болжол менен 30 кылым мурда түптөлгөн. Кокон хандыгы кулатылгандан кийин 1876-жылы шаар деген расмий макам алган.
Ош шаарында жаңы таштанды таштоочу жай курулат