Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

New York Times: НАТО Украинаны атайын операция бүтмөйүнчө кабыл албайт

Франция менен Германия Украинанын альянска мүчө болуусуна каршы. АКШнын президенти да дал ушундай пикирде.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. НАТО өлкөлөрү россиялык атайын операция аяктамайынча Украинаны альянска кабыл албайт. Бул тууралуу New York Times гезити жазып чыкты.
Макалада эгер Киев уюмга кире турган болсо НАТО бардык мүчө өлкөлөрдүн өз ара коргонуу боюнча уставынын бешинчи беренесин колдонушу керек болору айтылган.
"Альянс жамааттык коргонуу принцибин сактагандыктан, согуштук аракеттерге катышып жаткан мамлекетти катарына ала коёру өтө эле күмөн", — деп жазган басылманын баяндамачылары Эндрю Крамер менен Дэн Билефски.
Авторлор Украинаны альянска кабыл алуу үчүн айлар керек, процесс керек болсо жылдап созулушу мүмкүн деген эксперттердин божомолуна таянышкан. Мында Киев кабыл алчу тараптын талаптарын кынтыксыз аткарышы керек.
"Мүчө болчу өлкө демократияга ыктаганын, инсандын эркиндигин жана мыйзамдын үстөмдүгүн көрсөтүшү керек. Украина лидерлери мамлекет айтылган талаптарга толук жооп берет дегени менен айрым америкалык жана европалык расмий адамдар иш жүзүндө баары андай эмес экенин айтып келишет", — деди баяндамачылар.
NYT, мындан тышкары, буга чейин Украинанын блокко мүчө болушуна Франция менен Германия каршы болуп келгенин эске салды. АКШ президенти Жо Байден да дал ушундай пикирде.
НАТОдогулар альянстын Киевге жардам берүүдөн баш тарткан себебин түшүндүрдү