Ат-Башыда 6 тоо эчкинин этин жүктөп келе жаткан браконьер кармалды

Баш-Кайыңды айылынын тургуну Ат-Башы районундагы "Босого" экологиялык постунан колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунда алты тоо эчкинин этин жүктөп келе жаткан браконьер кармалганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, браконьерди 3-октябрга караган түнү саат 00:50дө Ат-Башы районундагы "Босого" экологиялык көзөмөл-өткөрүү пунктунан министрлик менен УКМКнын кызматкерлери колго түшүрүшкөн.
"Баш-Кайыңды айылынын тургуну К.А. алты тоо текесин мыйзамсыз атып, этин жүктөп келе жаткан", — деп жазылат маалыматта.
Окуя болгон жерде акт түзүлүп, топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилгени кошумчаланды.
Алсыз, араң жан. Көл жээгинен 10 чакырым алыстыкта ак куу табылды. Сүрөт