БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Нарында аба ырайы кандай болоруна божомол жасап, билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, Теңир-Тоодо 3-октябрдан тарта жамгыр жаайт. Бийик тоолуу жерлерине кар түшөрү айтылды. 7-октябрга чейин аба ырайы жаанчыл болуп, күн 8-октябрда ачылышы мүмкүн. Кээ бир аймактарда үшүк жүрөт. Абанын температурасы күндүз +14…+19 градус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жакындаарын кошумчалашты.