Иштен алынган министрлердин ордуна жаңылары дайындалды. Тизме

Тиешелүү жарлыктарга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы иштен алынган министрлердин ордуна милдетин аткара турчулардын тизмесин жарыялады.
Ага ылайык, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин Алтынбек Максутов аткарып турса, Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
1 / 3

Алтынбек Максутов

2 / 3

Уланбек Мамбетакунов

3 / 3

Таалайбек Ибраев

Ал эми Доскул Бекмурзаевдин ордуна Таалайбек Ибраев келди. Ал дагы министрдин милдетин аткарып турмакчы. Транспорт министрлигине убактылуу Тилек Текебаев келген.
Тиешелүү жарлыктарга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Төртөөнүн тең талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилери айтылды.
Белгилей кетсек, Алтынбек Максутов Маданият министрлигин 2014-жылдан 2016-жылга чейин башкарган. Ал эми Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министринин орун басары болчу.
Эске салсак, президенттин жарлыгы менен маданият министри Азамат Жаманкулов, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев, энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана транспорт министри Эркинбек Осоев бүгүн, 3-октябрда, кызматтан алынган.
Транспорт министри Эркинбек Осоев иштен алынды