Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Анда да аткыланган. Мариуполдогу үйдөн 1944-жылдагы жазуу табылды. Видео

Видеодон аймактагы үйлөрдүн аёосуз талкалангандыгын көрүүгө болот.
Sputnik
Мариуполдо талкаланган батирин оңдоп жаткан жергиликтүү тургун 1944-жылы нацисттердин бомбасынан кийин үйдү калыбына келтиргендердин жазгандарын таап алган. Бул тууралуу РИА Новостинин Telegram-каналы билдирди.
"Украиналык аскерлердин аткылоосунан талкаланган бир нече кабаттуу үйдөгү батирди оңдоп жаткан ээси ал жерден тарыхый жазууну таап алган. Ошол мезгилдеги куруучулар нацисттер бомбалаган үйдү кайрадан калыбына келтиришкенин көрүүгө болот. Үйдүн ээси муну жакшы жөрөлгө деп ишеним артып, ал кезде кайрадан оңдоп-түзөшсө, демек, бул жолу да калыбына келтирүүгө болорун билдирди", — деп жазылган маалыматта.
Тема боюнча:
Мариуполь: Россия куруп жаткан үйлөр жакында пайдаланууга берилет. Видео