Кийинки көчмөндөр оюндарын Казакстан өткөрөт

Мелдеш 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Изник шаарында болуп өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Көчмөндөрдүн V дүйнөлүк оюндары Казакстанда өтмөй болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Эстафетаны Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу казакстандык кесиптеши Даурен Абаевге өткөрүп берди.
Эске салсак, дүйнө жүзүнө Кыргызстандын бренди катары таанымал Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары үч ирет Ысык-Көл жээгинде өткөрүлүп, кийин кезек Түркияга берилген. Иш-чара быйыл Изникте 102 өлкөдөн келген 3 миңден ашуун спортчунун катышуусунда болду.
Түркия: кыргызстандык улакчылар Казакстандын командасын жеңип алды. Сүрөт