Радио

Коңуров: мугалимдер арасында атаандаштык жаралса сапаттуу билим берилет

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин прикладдык информатика кафедрасынын ага окутуусу жана №68 орто мектебинин информатика мугалими Санжар Коңуров быйыл педагогика багытына тапшырган абитуриенттер көп болгонун айтты.
Sputnik
Билимсиз мамлекет эч качан өнүгүү жолуна түшө албайт. Акыркы учурдагы өкмөттүн мугалимдердин айлык акысын көтөрүүсү көп жаштарга стимул болду. Азыр жаштар арасында мугалимдик кесиптин кадыр-баркы өсүп, анын коомдогу орду канчалык маанилүү экенин түшүнө баштады. Бул тууралуу Санжар Коңуров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдар арасында жүргүзүлгөн анкетанын жыйынтыгы боюнча мугалим болууну каалагандардын саны 30 пайызды түзүп калды.
"Мугалимдик кесипти тандаган жаштардын көбөйгөнү абдан жакшы көрүнүш. Мектеп директору бир нече кандидаттын ичинен мыктысын тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындайча айтканда, мугалимдер арасында атаандаштык жаралып, күчтүү мугалимдер жумушка алынып, анын негизинде сапаттуу билим берилет. Азыркы учурда, өзгөчө региондордо бир предмет боюнча бир эле мугалим иштейт. Буга чейин балдар арасында жүргүзгөн анкетанын жыйынтыгында мугалим болууну каалагандардын саны мурда 0 пайыз болсо, азыр 30 пайызды түзүп калды. Ал эми быйыл педагогика багытына тапшырган абитуриенттердин саны абдан жогору болуп, орундар биринчи турда эле толду", — деди Коңуров.
Ал IT багытында иштеген жаштар көп болгону менен алардын баары эле педагог болуп кете албасын кошумчалады.