БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Испанияда окумуштуулар суюк азот менен ысык сууну аралаштырып, илимий тажрыйба көрсөтүүнү көздөгөн, бирок ал ойдогудай болбой, көпчүлүктүн көз алдында жарылып кетти. Бул туурасында El Pais басылмасы жазды.
Окуя Жирона шаарында болгон. Экспериментти эки адам көрсөтүү үчүн бири эңкейип суюктукту куюп, экинчиси темир челектерди кармап турган. Окумуштуулардын бири сууга азотту куяр замат, идиш жарылган. Ал жерден тартылган видеодон жарылуунун кубатын байкоого болот.
Айланада турган 300дөй кишинин ичинен 18и жарадар болгону, алардын 10у балдар экени айтылды. Беш жашар кыз оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Көбү жарылганда бир нечеге бөлүнгөн темир челектин кесиндилеринен жабыркаган.
Илим фестивалын Жирона университети уюштурган. Окуу жайдын өкүлү буга чейин аталган эксперимент эч кандай көйгөйсүз жасалып келгени, бул сапар эмне болуп кеткенин түшүнбөй калышканын айтты. Ал аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлөрүн билдирген.