Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр ортосунда кесиптик квалификацияны таануу боюнча иштер жүрүүдө. Эгер жумушчу Кыргызстанда 4-разряддагы механик болсо, ЕАЭБдин башка өлкөсүндө эле ушул деңгээлинде ишке орношушу керек. Бул тууралуу Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"ЕАЭБ алкагында билим берүү системасын гармонизациялоо же болбосо бирдей тартипке келтирүү мүмкүн эмес, мунун зарылчылыгы деле жок. Бирок билим берүү тармагы түздөн-түз эмгек рыногу менен айкалышта болгондуктан, биз азыр бир топ маселелер боюнча иштеп жатабыз. Учурда квалификациялык даражаларды таануу боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Бул кесип ээлерине да, окумуштууларга да тиешелүү. Мисалы, Кыргызстандан барган эмгек мигранты 4-разряддагы механик болсо, ал Россия Федерациясында деле ушул даражасында иштеши керек. Окумуштуулардыкы дагы илимдин кандидаты, доктору экени беш өлкөдө тең тааныла берет. Бирок профессор, доцент деген наамдарын таануу боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Россия менен Казакстан консенсуска келсе бул маселе да чечилет деп ойлойм", — деди Өмүрбекова.
Ал кыска мөөнөттүү курстардан сертификатын таануу ар бир иш берүүчү менен жумушчунун келишимине ылайык караларын кошумчалады.