Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде үйү талкалангандарга убактылуу чатырлар тигилүүдө. Сүрөт

Убактылуу баш калкалай турчу курама үйлөр Ак-Сайдын Капчыгай тилкесинде тургузула баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан улам үйлөрү талкаланып өрттөлгөндөр үчүн жылуулатылган чатырлар тигилүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, үйсүз калган жергиликтүү тургундар бул жакта убактылуу баш калкалап турушат.
"Курама үйлөр кийизден жасалган, ысык-суукта бирдей температураны сактай алат жана ден соолукка зыяны жок. Ичинде меши бар. Алардын алгачкылары Ак-Сай айылынын Капчыгай тилкесинде тургузула баштады", — деп жазылат маалыматта.
Учурда чек арадагы чырдан талкаланган турак жайлардын орду тазаланып, жаңы курулушка даярдык көрүлүүдө. Буга чейин Баткен облусу боюнча 618 турак жай талкаланганы маалымдалган. Анын 453ү кайра курулса, калган 165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлмөкчү.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы үйлөрдү 2-3 айдын ичинде салып бүтүү тапшырмасын берген.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенде талкаланган аймактар жаңы курулушка даярдалууда. Сүрөт