Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде талкаланган аймактар жаңы курулушка даярдалууда. Сүрөт

Айылдарда жашоого мүмкүн болбой калган үйлөр түрттүрүлүп, тазаланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Баткенде тажик тарап талкалаган үйлөрдүн орду тазаланып, жаңы курулушка даярдалууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Баткенде тажик тарап талкалаган үйлөрдүн орду тазаланып, жаңы курулушка даярдалууда

2 / 3

Ага ылайык, учурда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Баткен районунун Ак-Сай, Капчыгай, Самаркандек, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат

3 / 3

Бул ишке ӨКМдин 237 кызматкери жана 26 техника тартылган. Алар жашоого мүмкүн болбой калган үйлөрдү түрттүрүп, ордун тазалап, жаңы курулушка даярдап жатышат.

Ага ылайык, учурда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка, Баткен районунун Ак-Сай, Капчыгай, Самаркандек, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Бул ишке ӨКМдин 237 кызматкери жана 26 техника тартылган. Алар жашоого мүмкүн болбой калган үйлөрдү түрттүрүп, ордун тазалап, жаңы курулушка даярдап жатышат.
Буга чейин министрлик чек арадагы кандуу кагылышуудан келтирилген зыян тууралуу маалымат берип, Баткен облусу боюнча 618 турак жай талкаланганын айтып, анын 453ү кайра куруларын билдирген. Калган 165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлмөкчү.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы үйлөрдү 2-3 айдын ичинде салып бүтүү тапшырмасын берген. Турак жайлар салынып бүткүчө жергиликтүү тургундар мектептерде жашап турат.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
300 миң сом, акысыз көмүр. Өкмөт баткендиктерге кандай жардам берерин айтты