БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Эртең борбор калаанын кайсы райондоруна электр энергиясы берилбестигин "Чүй электр" ишканасынан кабарлашты.
Шейшемби күнү энергетиктердин бригадасы трансформаторлорду карап, бузулган жерлерин оңдойт. Зарыл болгон жерде жабдууларды алмаштырышат, кабелдерди тартып, тоскоолдук жараткан бутактарды кесет.
Электр кубаты кайсы аймактарда өчүрүлөт:
09:00 - 17:00 — Тоголок Молдо көчөсүндө (№22 үй), Абдрахманов, Киев, Тыныстанов көчөлөрүнүн жана Чүй проспектинин тилкелеринде;
09:00 - 18:00 — Чоң-Арык ( Восточная, Центральная көчөлөрү, Манас айылы) аймагында, Киргизия-1, Киргизия-2 (Самойленко, Гаражная, Восточная, Мостовая жана Выставочная көчөлөрү) районунда;
09:00 - 19:00 — Ак-Босого (Чүй көч.,18-22) конушунда;
09:30 - 14:00 — Аламүдүн-1 (№34-38, 40-42 үй) кичи районунда;
09:30 - 17:00 — 6-кичи райондо ( №11/1 үй);
09:30 - 18:00 — Кара-Жыгач (Субан-Ата, Кереге-Таш, Темир-Тоо, Өтмөк ашуусу көчөлөрүндө) конушу;
10:00 - 17:00 — Гагарин, Купянская, Хоперская көчөлөрүнүн кесилишинде;
13:00 - 17:00 — Фрунзе, Төрөкул Айтматов, Осмонкул, Жумабек, Саратов көчөлөрүнүн тилкелеринде, Феодосийск, Урожайный чолок көчөлөрүндө өчүрүлөт.
.