Алдыдагы аптада Жалал-Абадда аба ырайы кандай болору айтылды

Тоолуу райондорго жамгыр жааганы менен дыйканчылык аймактарда күн жылуу болушу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Келе жаткан аптада Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарына жамгыр, бийик тоолуу жерлерине кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
2-4-октябрда тоо этектеринде жана тоолордо жамгыр жааганы менен өрөөндөрдө күн ачык болот.
3-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт, айрым жерлерине гана өткүн өтүшү ыктымал.
5-6-7-октябрда түнкүсүн жамгыр жаай турганы айтылды, күндүз өрөөндөргө жаан-чачын жаабайт. 8-октябрда күндүн көзү бузулбайт. Абанын температурасы күндүз +18...+23 градустун тегерегинде болушу ыктымал.
Келерки аптага карата Ош облусундагы аба ырайы