Жамгыр жаайбы? Ысык-Көлдөгү бир жумага карата аба ырайы

Алдыдагы аптада Көлдө аба ырайы жаанчыл болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Келерки аптада Ысык-Көлдүн айрым аймактарына жамгыр жаап, бийик тоолуу жерлерине кар түшүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Октябрдын башы Көлдө салкын болуп, абанын температурасы +12...+17 градусту көрсөтөт. 2-октябрдан 7-октябрга чейин жамгыр жаай турганы айтылды. Ал эми бийик тоолуу аймактарга кар түшүшү ыктымал. 8-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Күн жылыйт. Бир аптага карата Талас облусундагы аба ырайы