Подиумга жылаңач чыккан кызды элдин көзүнчө "кийинтишти". Кызыктуу видео

Мындай көйнөк менен кыймылдап, басса болору жана подиумга гана чыкканга мүмкүн экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Париждеги мода жумалыгында топ-модель Белла Хадидге көйнөктү өзгөчө ыкма менен чачыратып "кийгизишти".
Видео The Flow Telegram каналына жарыяланды.
Анда көрүнүп тургандай, модель сахнага дээрлик жылаңач чыккан. Андан соң анын денесине курамында пахта жана синтетикалык жипчелер бар аралашманы атайын жабдуу менен чача башташкан. Бир саамдан кийин ал кадимки көйнөккө айланган. Бул ыкманы ойлоп тапкандар келечектин модасын көрсөткүлөрү келгенин айтышкан.
Мындай "көйнөк" менен кыймылдаса болору жана подиумга гана чыкканга мүмкүн экенин түшүндүрүп беришкен. Маалым болгондой, азырынча бул өзгөчө технология көпчүлүккө колдонулбайт.
Өзгөчө образ, ай чырайлуу сулуулар. Дүйнөлүк көчмөндөр модасынан 16 сүрөт