Мушкерлердин бирине жылмайган ийгилик. Октагондогу окуянын видеосу

Адатта мындай учурда беттеш өткөн жок деп табылат. Бирок уюштуруучулар октагонго биринчи кайткан спортчуга жеңишти ыйгарышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Аргентинада Number 1 Fight Series лигасынын турниринде кызык учур болду, мушкерлер кармаш башталгандан 20 секундадан кийин октагондон ыргып чыгып кетишти. Бул тууралуу MMA Fighting басылмасы жазды.
Рафаэль Круз жана Густаво Базан аттуу спортчулар кеченин башкы беттешинде кездешкен. Базан башын ылдый түшүрүп алып, атаандашын ургулай баштаган, ал эми Круз улам артка жылып жаткан. Биринчи мушкер анын бел тушунан алып чабуулга өтүп, октагондун торуна такоого ниеттенген. Бирок эшикке туш келип калгандыктан экөө тең сыртка ыргып кетишкен. Бир көргөндө бул реслинг спортун элестеткен.
Круз октагонго дароо эле кайткан, Базан жерге катуу тийгендиктен бир топтон кийин өзүнө келген.
Адатта мындай учурда беттеш өткөн жок деп табылат. Бирок уюштуруучулар октагонго биринчи кайткан спортчуга жеңишти ыйгарышкан.
UFC жылдызы Камару Усманды атаандашы эсин оодара тепти. Видео