Кылкылдаган эл. Молдовада нааразылыкка чыккандардын видеосу

Митингчилердин арасында жаштардын көп экени айтылды. Алар эки жумадан бери шаардын борборуна чатыр тигип, ал жерден тарабай турушат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Миңдеген кишилер Кишиневдун (Молдова) борборуна чогулуп президент Майя Санду менен парламенттин отставкасын талап кылууда.
Борборго келгендер бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына нааразы экендигин билдиришкен. Эл мамлекеттин башчысы менен парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү талап кылышты. Алар "Биз — элбиз", "Майя Санду кетсин" деп кыйкырышууда.
Эки аптадан бери парламент менен президенттик администрациянын имаратынын алдына 200дөй чатыр тигилип, чогулган эл тарабай, ошол жерде жашап жатышат.
Sputnik Молдованын маалыматына караганда, митингчилердин арасында жаштар арбын.
Британиялык миңдеген киши митингге чыкты. Сүрөт