Түркия: кыргызстандык улакчылар Казакстандын командасын жеңип алды. Сүрөт

Көк бөрүчүлөр Вандагы кандаштарга атактуу Манас Ниязовдун улакка түшкөн атын тартуу кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Түркияда өтүп жаткан Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарынын алкагындагы таймашта кыргызстандык көк бөрүчүлөр Казакстандын курама командасын 5:0 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 3

Түркияда өтүп жаткан Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарынын алкагындагы таймашта кыргызстандык көк бөрүчүлөр Казакстандын курама командасын 5:0 эсебинде жеңди

2 / 3

Кыргызстандын капчыгына улакчылар Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, Таши Майлибашев жана Майрамбек Рыспек уулу упай алып келген

3 / 3

Андан сырткары, көк бөрүчүлөр Вандагы кандаштарга атактуу Манас Ниязовдун улакка түшкөн атын тартуу кылышкан.

"Кыргызстандын көк бөрү боюнча командасы казакстандык улакчыларды 5:0 менен утту. Чечүүчү үчүнчү таймда Казакстан курама командасынын аттары чарчап калгандыгына байланыштуу беттешке чыккан эмес", — деп айтылган маалыматта.

Кыргызстандын капчыгына улакчылар: Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, Таши Майлибашев жана Майрамбек Рыспек уулу упай алып келген.
Андан сырткары, көк бөрүчүлөр Вандагы кандаштарга атактуу Манас Ниязовдун улакка түшкөн атын тартуу кылышкан.
"Көк бөрү үчүн жасалган тай казанды жана Манас Ниязовдун Түркиядан сатып алынган атын кыргызстандыктар Түркияда жашаган вандык кыргыздарга тапшырды", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, Түркиянын Изник аймагында Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндары өтүп жатат.
Көчмөндөр оюндары: алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан 19 медаль жеңди. Сүрөт