Кыргызстандагы учактарды айдоого чет элдик пилотторду тартуу сунушталды

Жарандык авиация агенттиги чет өлкөнүн кадрлары эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстанда чет элдик жарандарга өлкөдөгү учактарды айдоого уруксат берүү сунушталды.
Токтом долбоорун Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги сунуштады.
Чет өлкөлүк пилоттор жайкы курамга, тагыраагы, коммерциялык учууларды же башка авиациялык иштерди аткарууга кабыл алынышы мүмкүн экендиги айтылат.
Агенттик демилге эмне үчүн сунушталып жатканын түшүндүрдү.
Маалыматка ылайык, тажрыйбалуу пилотторду чыгаруу үчүн көп нерсе талап кылынат, алар узак убакыт окуп, тажрыйбасын арттырышы керек. Учурда өлкөдө дүйнөлүк Airbus, Boeing, McDonnell Douglas учактары пайдаланылат. Кыргызстандыктардын арасында чет элдик учактарды башкарууга уруксат алган пилоттор аз.
"Ошондуктан Кыргызстандын жарандык авиациясына чет өлкөлүк авиация кызматкерлерин тартуу зарылчылыгы келип чыкты", — деп билдирген агенттик.
Бишкектен Дели шаарына учак каттай баштады. Графиги