БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстан карылыктын босогосунда турганын билдирди.
БУУнун жаш курак боюнча классификациясында жалпы калктын эсебинде 65 жаштагылар жана андан улуулардын саны төрт пайыздан төмөн болсо, мындай өлкөнүн эли жаш деп эсептелет. Эгер төрттөн жети пайызга чейинки интервалда болсо калк улгаюу босогосунда, ал эми жети пайыздан жогору турса улгайган калк деп саналат.
Кыргызстандын аталган категориядагы калкынын саны 348 миңге жакын же 5,2 пайызды түзөт. Мындан улам өлкө карылыктын босогосунда турат делген.
Статком бул көрсөткүч башка КМШ өлкөлөрүнөн кыйла төмөн экенин белгиледи. Алсак, Азербайжанда 7,9, Казакстанда 7,8, Россияда жана Беларуста 15,8 пайыз экен айтылды.
БУУнун божомолу боюнча, Кыргызстанда бул тенденция болжол менен 2030-жылга барып такалат. Анда 65 жана андан жогорку жаштагы адамдардын үлүшү жети пайызга жакындашы ыктымал.