Кыргызстанда элдин банкка салган акчасы 280 миллиард сомго жетти

Акыркы айларда депозиттик базанын көлөмү рекорд жаңыртууда. Кеп депозиттер тууралуу гана эмес, банктык эсептердеги каражат тууралуу да болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. 2022-жылдын август айында Кыргызстандагы банктардын депозиттик базасы 15,1 миллиард сомго көбөйүп, дээрлик 282 миллиард сомго жетти. Бул туурасында Улуттук банк маалымдады.
Мындагы сумманын баары депозит катары (ыкчам жана керектөөгө чейинки) көрсөтүлгөн, бирок банктык эсептеги каражаттар дагы саналган. Статистикага юридикалык жана жеке жактардын, чет элдиктердин салган акчасы киргизилген.
Июль айынын аягында депозиттин көлөмү 266 миллиард 754,7 миллион сом болчу. Бир айдан кийин ал 281 миллиард 876,4 миллионго чейин өскөн. Ал банктык эсептердеги каражаттын (12,2 миллиард сомдон ашыгыраак) жана ыкчам депозиттердин (2,3 миллиарддан ашуун) көбөйгөнүнө байланыштуу. Ал эми керектөөгө чейинки депозиттердин көлөмү 629 миллион сомго жогорулаган.
Былтыркы жылдын ушул айы менен салыштыра турган болсок, 2021-жылы депозиттик база 206,5 миллиард сом болчу. Бир жыл ичинде бул сумма 75,3 миллиардга жогорулаган.
Белгилей кетсек, өткөн жылы депозиттик база туруктуу негизде өсүп жаткан (жалпы жыйындысы 62 миллиард сом), бирок быйыл жыл башындагы үч айда катары менен (30 миллиард сомдон ашуун) кыскарган.
Депозиттик эсептен акча чыгарууда комиссия алынабы? Улуттук банктын жообу