Шалаакылыктан ооруйт. Адис суук жаңы түшкөндө тумоонун күчөгөн себебин айтты

Дарыгер күз-жаз мезгили көбүнчө курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоонун учуру экенин эске салды. Бул оорулардын эң жогорку чеги 15-ноябрдан январга чейин болору кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Эмне үчүн киши суук түшүп келе жатканда курч респиратордук ооруларга тез кабыларын терапевт жана невропатолог Динара Жусипова Sputnik Казакстан агенттигине берген маегинде түшүндүрдү.
Дарыгер күз-жаз мезгили көбүнчө курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоонун учуру экенин эске салды. Бул оорулардын эң жогорку чеги 15-ноябрдан январга чейин болору кошумчаланды.
"Инфекциялык оорулардан сактануунун бирден-бир жолу — вирустан оолак болуу. Бирок көпчүлүк өз ден соолугуна шалаакы мамиле кылат. Ошол үчүн ооруп калуу дагы бат эле. Мисалы, сасык тумоо жүрүп жатканда, эл көп жерде бет кап тагынуу, колду бат-баттан жууп туруу, витаминдерди ичүү сыяктуу эрежелерди эч ким сактабайт", — деди терапевт.
Ошондой эле ал таза абага көбүрөөк чыгып, ушул мезгилде өзгөчө активдүү болуу керектигин эскертет.
Мындан тышкары, сасык тумоо учурунан бир ай мурда ага каршы эмдөөдөн өтүү сунушталат. Дарыгердин айтымында, эмделген адам ооруну жугузуп алса жеңил көтөрүп, кесепети азыраак болот.
Иммунитет карып бара жатканын кантип билсе болот? Алгачкы белгилер