Көчмөндөр оюндары: алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан 19 медаль жеңди. Сүрөт

Жалпы командалык эсеп боюнча, алыш бел боо күрөшүнүн классикалык түрүнөн Кыргызстан I орунду ээледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Түркияда өтүп жаткан Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарында алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 19 медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 4

Түркияда өтүп жаткан Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндарында алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 19 медаль жеңди

2 / 4

Алыш күрөшүнүн эркин түрү боюнча улуттук курама команда 10 медаль, тагыраагы, беш алтын, эки күмүш жана үч коло медаль уткан

3 / 4

Буга чейин алыштын классикалык түрү боюнча беттештер өтүп, анда кыргызстандык спортчулар тогуз медаль жеңгени айтылды

4 / 4

Жалпы командалык эсепти карай келгенде алыш бел боо күрөшүнүн классика түрү боюнча Кыргызстан I орунду ээледи.

Алыш күрөшүнүн эркин түрү боюнча улуттук курама команда 10 медаль, тагыраагы, беш алтын, эки күмүш жана үч коло медаль уткан.
Алтын медаль алгандар:
Элзада Момунжанова, 55 килограмм салмакта;
Нурзада Мыктыбек кызы, 65 килограмм;
Нурзат Бактыяр кызы, 70 килограмм;
Нагира Сарбашева, 75 килограмм;
Калысбек Каимов, 60 килограмм.
Күмүш медаль алгандар:
Азизхан Мусабек уулу, 80 килограмм;
Кадыр Келсинбеков, 100 килограмм.
Коло медаль уткандар:
Касымбек Анарбаев, 70 килограмм салмакта;
Нурсултан Бочонов, 90 килограмм;
Исламбек Алик уулу, 100 килограмм.
Буга чейин алыштын классикалык түрү боюнча беттештер өтүп, анда кыргызстандык спортчулар тогуз медаль жеңгени айтылды.
Жалпы командалык эсепти карай келгенде алыш бел боо күрөшүнүн классика түрү боюнча Кыргызстан I орунду ээледи. Ал эми эркин түрүнөн кыз-келиндер курама командасы тизменин сап башында экени белгилүү болду.
Көчмөндөр оюндары: кыргызстандыктар күрөш жана жаа атуудан 7 медаль алды