БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Сүт азыктары пайдалуу, бирок улгайып калган учурда аны абайлап ичүү керек. Бул тууралуу Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы гериатры Надежда Рунихина РИА Новости агенттигине берген маегинде айтты.
"Тагыраагы, анын майлуулугу чоң роль ойнойт. Сүттүн курамындагы майды алдан тая баштаган организм оңой менен сиңире албай калат. Ошондуктан майлуулугу төмөн болгону жакшы. Ошол учурда гана аны организм тез кабыл алып, өзүн анын курамындагы протеин менен байытат", — деди дарыгер.
Мындан тышкары, адис жаш өтүп калганда сүттөн башка азыктарды дагы ылгап жеш керектигин эскертти.