Индонезияда футболдон кийинки башаламандыктан 127 киши көз жумду. Видео

Мелдештен утулуп калган команданын күйөрмандары оюн талаасына чыгып кетип, ал мушташ менен коштолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Индонезияда футболдон кийин башаламандык жаралып, кеминде 127 киши көз жумуп, 180 адам жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Окуя Маланг стадионунда болгон. Полициянын маалыматында, мелдештен утулуп калган команданын күйөрмандары оюн талаасына чыгып кетип, андан кийин экинчи тайпанын тарапташтары менен мушташкан. Тартип сактоо кызматкерлери аларды тынчтандыруу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Мындан улам элдин дем алуусу кыйындап, башаламандык ого бетер курчуган.
Каза тапкандардын арасында полициянын эки кызматкери бар экени айтылды.
Коррида учурунда стадиондун трибунасы урап, 4 киши көз жумду. Колумбиядагы видео