БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Индонезияда Маланг стадионундагы башаламандык учурундагы тыгылышта каза тапкандардардын саны 174кө жетти. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press басылмасына шилтеме берип жазды.
Окуя жекшемби күнү "Арема" жана "Персебая" (2:3) футбол командаларынын оюнунан кийин болгон. Мелдештен утулуп калган команданын күйөрмандары оюн талаасына чыгып кетип, андан кийин экинчи тайпанын тарапташтары менен мушташкан. Тартип сактоо кызматкерлери аларды тынчтандыруу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Мындан улам элдин дем алуусу кыйындап, башаламандык ого бетер курчуган.
Ооруканага 100дөн ашык киши жеткирилген, анын 11и оор абалда. Буга чейин 127 киши каза тапканы айтылган.
Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) каргаша тууралуу отчет талап кылган. Индонезиянын президенти Жоко Видодо көз жумгандардын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айткан. Ал окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырган жана иш бүткүчө өлкө чемпионатын токтоткон.