БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Цвиккау (Германия) шаарында антироссиялык санкцияларга жана аталган мамлекеттин энергетикалык саясатына каршы митинг өтүп жаткандыгын РИА Новости жазды.
Демонстрацияны уюштуруучулардын арасында оңчул экстремисттерге кошуп келишкен Freie Sachsen жана Volksstimme Bürgerbündnis Zwickau ("Цвиккау шаарындагы элдин үнү" жарандык коому) бар экенин айтышты. Алар министрлер кабинетинин алмашуусуна жана Россияга каршы киргизилген санкцияларды алууга чакырык ташташкан.
РИА Новости өткөн аптада Цвиккау шаарында дал ушундай демонстрация өтүп, миңдеген адамдар көчөгө чыкканын жазды.