Директорлор сынагы: Нарындан 18, Көлдөн 38 талапкер тестти тапшырып, өттү

Ысык-Көл облусу боюнча 41, Нарын облусу боюнча 22 бош орун бар болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Нарын менен Ысык-Көл облусунда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине сынактын экинчи айлампасы өткөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Ысык-Көл облусу боюнча сынактын II айлампасына катышуу үчүн 132 талапкер документ жиберип, андан 99 адам тестирлөөгө катышуу укугун алган. Жыйынтыгында 38 талапкер тесттен ийгиликтүү өткөн.
Ал эми Нарын облусу боюнча 76 адам документ жиберген. Анын ичинен 20сы документтерин толук тапшырбай, жыйынтыгында 56 адам гана тестке катышкан. Тестирлөөдө 18 талапкер 60 пайыздык чектен жогору упай алганы айтылды.
Министрлик буга чейин Ысык-Көл облусу боюнча 41, Нарын облусу боюнча 22 ваканттык орун болгонун эске салды.
Белгилей кетсек, чек арадагы кагылышуудан улам Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мектеп директорлорун дайындоо конкурсу белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Талас менен Чүй облусунда сынактын экинчи айлампасы аяктап, Таластан 45, Чүйдөн 71 талапкер тесттен өткөн. Ал эми Бишкек менен Ош шаарында экинчи айлампага документтерди кабыл алуу башталды.
Бишкек менен Ошто мектеп директорлору үчүн сынактын 2-айлампасы башталды