Британиялык миңдеген киши митингге чыкты. Сүрөт

Уюштуруучулардын айтымына караганда, митингге Лондон шаарынан эле 10 миңдей киши чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын ири шаарларында миңдеген кишилер кризистен улам митингге чыкканын Bloomberg басылмасы жазды.
Акциялар Лондон, Эдинбург, Суонси жана Ливерпуль шаарларында өттү. Эл улам өсүп бара жаткан бааларды токтотууну, электр энергиясына чыгып келген эсептерди жана оокаттууларга коюлган салыктарды азайтууну талап кылууда.
Акцияны уюштуруучулардын айтымында, Лондон шаарында эле митингге 10 миң киши чыккан. Аларга Extinction Rebellion деп аталган климаттык көйгөйлөр боюнча иштеген топ кошулган. Активисттер климаттын өзгөрүшүнө түйшөлгөнүн айтышып, аны менен катар жашоонун улам кыбаттап бара жатканына нааразылык билдирген.
Акция Темир, суу жана кара жол транспортунун кесиптер бирлигинин (RMT) иш таштоосунун башталышына дал келген. Октябрдын биринчи жумасына пландалган жалпы улуттук иш таштоого RMT мүчөлөрүнөн 40 миңге чукул адамдын катышары айтылды. Алардын билдирүүсүндө мындан улам өлкө боюнча "темир жол тармагын токтото туруп", акцияга чыгуу туурасында кабарланган. Алар жашоонун кымбаттап кетишинен жана иштен массалык түрдө бошотуу кооптуулугу күтүлүп жаткандыктан митингге чыкканы айтылган.
ЖМК: алдыдагы күз менен кыш Европанын саясий элитасы үчүн оор болот