Бишкекте футбол боюнча эл аралык үч матч өтөт. Видео

Футболдук беттештердин 5, 7 жана 9-октябрда болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Борбор калаада Азия кубогуна (17 жаштан ылдыйкылар) тандап алуу этабынын алкагында футбол боюнча эл аралык үч таймаш болорун Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
Тандап алуу турниринин оюндары бир канча мамлекетте өтөт. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо I тайпасындагылардын матчы болмокчу.
Оюндар саат 19:30да башталып, каалагандар акысыз көрүп кете алышат.
Алар төмөнкү күндөрү болот:
5-октябрь — Гонконг — Кыргызстан;
7-октябрь — Кыргызстан — Иран;
9-октябрь — Кыргызстан — Лаос.
Континенттин өспүрүмдөр биринчилиги 2023-жылы Бахрейнде 3-20-май арасында болмокчу.
Индонезияда футболдон кийинки башаламандыктан 127 киши көз жумду. Видео