Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТОдогу мурдагы кеңешчи: Батыш өз капканына өзү түшүп калды

Офицер Батыштын Москваны алсыздандыруу аракеттери текке кетип жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Батыш Россияга каршы санкцияларды киргизебиз деп жатып капканга өзү түшүп калды. Бул тууралуу НАТОдогу мурдагы кеңешчи, Швейцариядагы чалгын топтун мурдагы офицери Жак Бо билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, АКШ Москва менен кармашта Батышты инструмент катары колдонуу үчүн Украинадагы чыр-чатакты атайын уюштурган.
"АКШнын түпкү максаты Россияны дүрбөлөңгө салып, Батыштын санкциялары менен аны жок кылуу болгон. Бирок алар жардам берген жок", — деген Бо.
Полковник түшүндүргөндөй, Вашингтон башында санкциялар Россияны олуттуу чыгымга учуратып, согуштук аракеттер тез арада бүтөт деп ойлогон. Бирок Кошмо Штаттардын ойлогону оңунан чыкпай, Украина бул иштин курмандыгы болуп калды.
"Биз Россияга улам жаңы санкцияларды киргизип жатабыз, бирок жыйынтык жок. Батыш өзүнүн капканына өзү түшүп калды, бул Украина үчүн кейиштүү", — деген офицер.
Ал Батыштын Москваны алсыздандыруу аракеттери текке кетип жатканын белгилеген.
Батыш өлкөлөрү Россиянын Украинадагы атайын операцияларына жооп кылып бир катар санкцияларды киргизген. Анын арасында Россиянын энергоресурстарын албоо туурасындагы тыюу бар. Мындан улам Европада мурда болуп көрбөгөн каатчылык башталууда.
Европада энергетикалык каатчылык күч алууда