БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Баткен облусунда аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
2-3-4-октябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондорго кар жаашы ыктымал. 5-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт, 6-октябрда күндүн көзү кайра бузулуп тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн. 7-8-октябрда өрөөндөрдө күн ачык болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы +21...+23 градус жылуу болору божомолдонду.