БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Акыркы он жылда Жозеф Байдендин абалы кескин начарлады, анын эл алдындагы жүрүм-туруму кайрадан АКШ президенти болуп шайланышына шек жаратат. Бул тууралуу Washington Post басылмасынын баяндамачысы Меган Макардл билдирди.
"Он жыл мурдагы видеолорун көрүп салыштырууга болот. Азыр президенттин жүрүм-туруму өтө жай экени байкалып турат. Бул — саясатчы үчүн көйгөй", — деди журналист.
Анын пикиринде, 2020-жылы Байденге ийгилик жылмайды. Коронавирус менен күрөшүү үчүн киргизилген социалдык чектөөлөрдөн улам шайлоо өнөктүгү бир топ кыскарган. Болбосо америкалыктар анын абалын эртерээк байкашмак деген оюн билдирген.
"Ак үйдүн башчысы шайлоочулар менен жолуккан сайын жаш курагына байланыштуу суроолор көбөйө берет", — деди Макардл.
Жозеф Байден 80 жаштын кырында турат, ал АКШнын тарыхындагы жашы эң улуу президент. Соңку убакта анын акыл-эсине байланышкан жүрүм-туруму боюнча сындар айтылып келет.