Улуттук банк 2023-жылы ири көлөмдө коллекциялык тыйындарды чыгарат

Мурда эң жогорку номинал 100 жана 200 сомдук алтын тыйындар болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Улуттук банк кийинки жылы күмүштөн жасалган 2 500 коллекциялык тыйын чыгарат. Анын ичинде 500 сомдук номиналдагысы биринчи ирет сунушталарын башкы банк билдирди.
Мекеменин сайтында "Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары" сериясынын алкагында "Бешикке салуу" деп аталган 10 сомдук номиналдагы 1000 тыйын чыгарылары маалымдалды.
Ал эми "Тарыхый окуялар" сериясындагы 1500 коллекциялык тыйын төмөндөгүдөй аталыштар менен басылат:
"Сомго 30 жыл" — 10 сомдук номиналда 1000 даана;
"Тиричилик буюмдары: тай туяк" — 500 сомдук номиналда 500 даана.
Эгер Улуттук банктын буга чейин чыгарган коллекциялык тыйындарына анализ жүргүзсөк, бул эң жогорку номинал болуп саналат. Мурда эң жогоркусу 100 жана 200 сомдук алтын тыйындар болчу.
Эске салсак, бул тыйындар номиналында көрсөтүлгөн баада эле сатылбайт, алда канча жогору турат.
50 тыйындык купюра өзүнөн 43 миң эсе кымбат сатылууда. Себеби