Кыргызстандын туризм чөйрөсүндө өткөн жылга салыштырмалуу жакшы өсүш байкалууда. Жылдын аягына чейин туризм секторун ИДПнын 5,5 пайызына жеткирүү пландалып жатат. Бул тууралуу Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын алты айында чет өлкөдөн келген туристтерден ресторан, мейманкана бизнесинен 388,1 миллион сом каражат түшкөн.
"Кыргызстандын туризминде өткөн жылга салыштырмалуу жакшы өсүш байкалууда. Туризм экономиканын алдыңкы тармактарынын бири болууга тийиш. Буга байланыштуу президент, министрлер кабинети бул тармакты колдоо иретинде тиешелүү жардам берип, ыңгайлуу шарттар каралууда. Мисалы, бүгүнкү күндө департаменттин бюджети жакшырып, эл аралык кызматташтыкты илгерилетүү, түз авиакаттамдарды ачуу, инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк ачылды. Алсак, быйылкы жарым жылдыкта өлкөнүн ички дүң өндүрүшүндө туризмдин үлүшү 3,1 пайызды түзсө, жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү аз дегенде 5,5 пайызга жеткирүү мерчемделип жатат. Ал эми ушул жылдын алты айында чет өлкөдөн келген туристтерден ресторан, мейманкана бизнесинен 388,1 миллион сом каражат түшкөн", — деди Шатманов.
Ошондой эле адис Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын маданиятын, каада-салтын, туризмин таанытууда жакшы аянтча болуп жатканын кошумчалады.