Келерки аптага карата Ош облусундагы аба ырайы

Оштун өрөөндөрүндө күн ачык болот, бирок тоолорго кар түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Алдыдагы аптада Ош облусунда абанын температурасы 25 градуска чейин жетет. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
2-октябрда тоо этектеринде жана тоолордо жамгыр, бийик тоолуу жерлерге кар жаайт, бирок өрөөндөрдө күн ачык болот.
3-октябрда айрым жерлерде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
4-октябрда тоолуу райондордо жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
5-октябрда асман ачык турат.
6-7-октябрда тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт, ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.
8-октябрда күндүз көзү бузулбай ачык турат.
Күн жылып баштайт. Келерки жумага карата Чүй облусундагы аба ырайы