Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

300 миң сом, акысыз көмүр. Өкмөт баткендиктерге кандай жардам берерин айтты

Өкмөт башчы бүгүн бир катар мекемелерге тапшырмаларды берген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын кол салуусунан талкаланган Баткен облусундагы объектилерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынын өткөрдү.
Ал суук түшө электе турак жайларды калыбына келтирүү зарылдыгын баса белгилеп, бул максатта Ош жана Жалал-Абад облустарынан керектүү атайын техникалар жана адистер тартыларын айтты. Атайын эсепке элден чогулган 307 миллион сомдун бир тыйынын коротпой тургундарга багытталарын убадалады.
Жыйынтыгында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди:
Финансы министрлиги калыбына келтирүү жана жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү боюнча чараларды ыкчам тартипте каржыласын;
Профилдик түзүмдөр үйлөрү жабыркаган жана капиталдык оңдоого муктаж жарандарга эки этапта 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардамды атайын эсептен бөлүп берсин;
Үйлөрү жабыркап, бирок капиталдык оңдоого муктаж категориясына кирбей калган жарандарга 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлсүн;
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө республикалык бюджеттен бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө чечимдин долбоорун кыска мөөнөттүн ичинде президенттин администрациясына киргизсин;
Баткен жана Лейлек районунун тургундары үчүн социалдык жөлөк пулдарды эсептөө тартибин жөнөкөйлөштүрсүн;
Экономика жана коммерция министрлиги 10 күндүк мөөнөттө жабыр тарткан ишкер субъектилерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө токтомдун долбоорун толуктап иштеп чыгып, президенттин администрациясына киргизсин;
Энергетика министрлиги электр энергиясын үзгүлтүксүз берилишин камсыздоо жана чек арага жакын жайгашкан айылдардагы жабыркаган үй-бүлөлөрдү бекер көмүр менен камсыздасын;
Тиешелүү ведомстволор Ак-Сай жана Чоң-Талаа айылдарындагы жалпы билим берүү мектептерин коопсуз аймактарга курсун.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенде жабыркаган ишкерлерге салык жеңилдигин берүү пландалууда