БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстандык алгачкы экспедиция Гималайдын Манаслу чокусуна ийгиликтүү чыкты. Бул тууралуу Альпинизм жана аскага чыгуу боюнча федерациянын президенти, топтун мүчөсү Эдуард Кубатов кабарлады.
© Фото / Федерации альпинизма КР
Эскерте кетсек, кыргызстандык альпинисттердин тобу 7-сентябрь күнү сапарга чыккан.
Кубатовдун айтымында, топтун курамындагы алты адам тең аман-эсен, күүлүү-күчтүү дем менен деңиз деңгээлинен 8 163 метр бийиктикте жайгашкан чокуну багындырып, ал жерде Кыргызстандын желеги желбиреди.
"Экспедициябыз Кыргызстанга, "Манас" эпосуна жана Баткенге арналат! Чындык биз тарапта! Тынчтык, бакубатчылык, тилектештик болсун!" — деп жазган Кубатов.
Чокуну багындыргандар жакынкы күндөрү мекенине кайта турганы айтылды.
Манаслу — Гималай тоолорунда орун алган, Непалдын борбордук бөлүгүнүн түндүгүндөгү ак кар, көк музга оронгон бийик чоку.