Өкмөт Кыргызстандан дары-дармек ташууга жарым жылга тыюу салууну сунуштоодо

Убактылуу чектөөнүн себебин Экономика министрлиги түшүндүрүп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстандан дары-дармек жана медициналык каражаттарды сыртка чыгарууга жарым жылдык тыюу салууну сунуштап жатат.
Экономика министрлиги токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Буга чейинки чектөөнүн мөөнөтү 9-августта соңуна чыккан.
Экономика министрлиги өлкөдө профилдүү ишканалар жок экенин айтып, таңкыстык жаралып жатканын белгилөөдө. Мында кеп коронавирустан дарылоого керектүү дары-дармек, коргонуу каражаттары жана башка продукция тууралуу сөз болуп жатат.
Статком: өлкөдө эркектердин өлүмү аялдарга караганда 1,5 эсе көп катталат