Көчмөндөр оюндары: кыргызстандык спортчулар таяк тартыштан алты медаль утту

Бул улуттук команданын куржунундагы алгачкы алтын медалдар.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында (ДКО) таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча Кыргызстандын курама командасы алты медаль утту, анын үчөө алтын. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
1 / 2

Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында (ДКО) таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча Кыргызстандын курама командасы алты медаль утту, анын үчөө алтын

2 / 2

Маалыматка ылайык, Азамат Асанов (70 килограмм салмакта), Келдибек Атайбек уулу (110 килограмм) жана Дилбара Иманканова (75 килограмм) Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору болушту

Маалыматка ылайык, Азамат Асанов (70 килограмм салмакта), Келдибек Атайбек уулу (110 килограмм) жана Дилбара Иманканова (75 килограмм) Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиондору болушту.
Ал эми Назия Майлибашева (75 килограмм) күмүш, Бакдөөлөт Абылов менен Улукбек Ырыспаев коло медаль тагынды.
Бул ДКОго барган улуттук команданын куржунундагы алгачкы алтын медалдар болуп калды.
Казакстан Көчмөндөр оюндарынын кийинкисин өткөрүүгө арыз берди