Аскердик ЖОЖду бүткөндөрдүн келишим менен кызмат өтөө мөөнөтүн узартуу сунушталды

Документте КР Куралдуу күчтөрүнүн негизги звеносу капитандан подполковникке чейинки катардагы командирлер экени айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Коргоо министрлиги аскердик жогорку окуу жайларын бүтүргөн жарандар үчүн келишим менен кызмат өтөө мөөнөтүн беш жыл эмес, 10 жылга узартууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документте КР Куралдуу күчтөрүнүн негизги звеносу капитандан подполковникке чейинки катардагы командирлер экени айтылат.
"Ал эми контракт боюнча беш жыл иштегенден кийин капитандык наамдагы кадрлардын агылышы байкалууда. Бул офицерлердин даярдыгынын деңгээлинин төмөндөшүнө байланыштуу армиянын жалпы күжүрмөн натыйжалуулугуна таасирин тийгизет", — деп жазылат негиздемеде.
Ошондой эле Коргоо министрлигинен ЖОЖ курсанттарына — казармаларды кармоого, тамак-ашка, мугалимдердин маянасына жана башкаларга бюджеттен бир топ каражат жумшалып жатканы кошумчаланды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчилик: Россияда жүргөн кыргызстандыктар аскердик кызматка чакырылган жок
Кыргызстан аскер мыйзам сунуш Коргоо министрлиги