Көчмөндөр оюндары: кыргызстандыктар күрөш жана жаа атуудан 7 медаль алды

Капышмалы аба күрөшү түрк элинин байыркы күрөш түрүнө кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында капышмалы аба күрөшү жана салттуу жаа атуу боюнча кыргызстандык балбандар жети байгелүү орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, Манас Үсөнов 75 килограмм салмак категориясында 1-орунду ээлеп, мелдештин чемпиону болду. Ал эми 90 килограммдан жогоркулар арасында Орозбек Алмазбеков күмүш медаль тагынды. Урмат Нарынбеков менен Азим Эсенбек уулу коло байгенин ээлери болушту.
1 / 3

Билдирмеге караганда, Манас Үсөнов 75 килограмм салмак категориясында 1-орунду ээлеп, мелдештин чемпиону болду

2 / 3

Ал эми 90 килограммдан жогоркулар арасында Орозбек Алмазбеков күмүш медаль тагынды

3 / 3

Урмат Нарынбеков менен Азим Эсенбек уулу коло байгенин ээлери болушту

Аталган күрөшкө Кыргызстандан алты балбан катышты. Бекмамат Бейшен уулу жана Тилек Куралов 4-орунду алып калды.
1 / 2

Ал эми салттуу жаа атуу мелдешинен Ынтымак Мурадил уулу, Шарабидин Сапаралиев, Бакыт Токтоматов командалык эсепте эркектер арасында алтын утушту

2 / 2

Ал эми кыз-келиндер арасындагы командалык жарышта Асел Садырова, Назгүл Шапиева жана Седеп Төрөгелдиевадан турган топ коло байге алды

Ал эми салттуу жаа атуу мелдешинен Ынтымак Мурадил уулу, Шарабидин Сапаралиев, Бакыт Токтоматов командалык эсепте эркектер арасында алтын утушту.
Ал эми кыз-келиндер арасындагы командалык жарышта Асел Садырова, Назгүл Шапиева жана Седеп Төрөгелдиевадан турган топ коло байге алды.
Мындан сырткары, Асел Садырова жекелик беттештен дагы бир коло медаль тагынды.
Көчмөндөр оюндары: кыргызстандык спортчулар таяк тартыштан алты медаль утту