Жаштарга мекенди, эл-жерди сүйүү, адеп-ахлактык тарбияны Манас таануу менен гана бере алабыз. Бул тууралуу Талантбек Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 1-2 сааттык сабак менен жаштарды мекенге күйүүгө үйрөтүү, тарбиялоо мүмкүн эмес.
"Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам кыргызстандыктардын мекенчилдик сезимин күчөтүү зарыл экени билинди. Жаш-карысына, жынысына карабай ар бир жарандын жүрөгүндө мекенди сүйүү сезими болушу абдан маанилүү. Мунун эң негизги жолу "Манас таануу" сабактарын өтүү болуп саналат. Себеби азыркы мектептердеги предметтер баланы мекенчилдикке үйрөтө албайт. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Манас таануу институту ачылганына 10 жыл болду. Анын максаты — келечек муунга кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын үйрөтүү. Буга чейин аталган сабакты мектепке да киргизип, жада калса бала бакчадан баштайлы деген планыбыз болгон. Бирок министрлик бул идеяны көңүл сыртында калтырып келе жатат. Ошондуктан элдин башына кыйынчылык келгенде эле жаштарды мекенчилдикке үйрөтүү маселесин көтөргөн туура эмес. Мисалы, 1-2 сааттык сабак менен жаштарды мекенге күйүүгө үйрөтүү, тарбиялоо мүмкүн эмес. Азыркы күндө орто жана жогорку окуу жайларда "Манас таануу" окутулат. Биздин эле кафедра бул багытта 200дөй студентти окутуп бүтүрдүк. Алардын түшүнүгү, сүйлөгөнү башка студенттерден айырмаланып турат. 1989-1990-жылдары мектептерде Манастын жети осуяты менен тарбиялаган "Манас" жаштар уюму болгон эле. Азыр Ош, Жалал-Абад облустарындагы 500дөй мектепте ушул уюм иш алып барууда. Учурда бул уюмду бардык мектептерге киргизүү сунушун министрликке бердик", — деди Рысбаев.
Ал Нарын, Талас, Бишкек шаарларындагы мектептерден башка орто окуу жайларда "Манас", "Семетей", "Сейтек" аттуу жаштардын коомдук кошуундары бар экенин кошумчалады.