Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде тажик аскерлери жардырган көпүрөнүн ордуна альтернативдүү башкасы курулду

Көпүрө Дача — Чайхана аймагында жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун 7-чакырымындагы тажик тараптын кол салуусунан талкаланган көпүрөгө альтернатива катары 35 метрлик көрүпө салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдирди.
Объект колдонууга берилди. Ал темирден жасалгандыктан, автоунааны толук кандуу көтөрөт. Ал эми жарылган 36 метрлик көпүрөнүн курулушу эки айдан кийин аяктамакчы.
Белгилей кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда тажик аскер кызматкерлери унаа жолун бириктирген Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолундагы Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырып жиберген.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенде жабыркаган ишкерлерге салык жеңилдигин берүү пландалууда